Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы
2017-жылдын 06-февралы №1
Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Улахол айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынчча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www. gamsumo. gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Улахол айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык Кенешинин төрагасы А.Батыркановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Батырканов |