Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы
2017-жылдын 24-августу №56
Ак-Өлөң каналына жер бөлүп берүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Зарлыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Келишимдин негизинде жүргүзүлүп жаткан эки жактуу техникалык-экономикалык жардамды - «Кыргыз Республикасындагы ирригациялык системаларды Кытай грантынын реконструкциялоо» - иш жүзүнө ашыруу үчүн, жогоруда аталган гранттын алкагында Ак-Өлөң каналынын тилкесинде курулуш жүргүзүү үчүн дайыма пайдалануу үчүн 12,96 га жана убактылуу пайдалануу үчүн 19,59 га, жалпы 32,55 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Бул жерлерди трансформация кылуу жагы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Каналдын курулушуна архитектуралык пландоо шарттарын даярдап берүү жагы Тон районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Каналдын курулушуна жер берүү жагы үлүшү бар жер ээлеринемилдеттендирилсин.
5. Жер участогун тактоо жана жерди пайдаланууга укук берүүчү юридикалык документтерин даярдоо менен бирге мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Тоң райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Т.Ашымов |