Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 1
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018- жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» ПЖ-№2-Жарлыгын турмушка ашырууда Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын №3-2/153катынын негизинде Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Капиталдык салымдар беренеси» боюнча жылдын тизмесине киргизилген Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылын ичүүчү таза суу түтүктөрүн системасынын курулушуна долбоордук сметалык документтерди архитектуралык пландоо (АПШ)жана (ИТШ) иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын
Төрага | Жамгырчиев А.А |