Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № 1
2018-жылдын бюджетинин III кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин III кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Өсөрөвдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын III кварталынын бюджетинин киреше бөлүгүнөн айыл өкмөт тарабынан жыл аягына чейин аткарылбагандыгына байланыштуу ишкердик үчүн мүлк салыгынан 13,6 миң сом жана айыл чарба эмес жер салыгынан 90,2 миң сом жалпысы 103,8 миң сом акча каражаты кыскартылсын.Бул акча каражатты бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 701 разделдин 3112 беренесинин эсебинен кыскартылсын.
2. 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн III кварталына карата үнөм болгон акча каражаттарын айыл өкмөттүн муктаждыгына чыгымдоо үчүн башка беренелерге жылдырылсын. (Тиркеме тиркелет).
3.Бул токтомду бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалынынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагын айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Өсөровко милдеттендирилсин.
5.Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Жамгырчиев А.А |