Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры №13
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин бухгалтери сессияга келбегендигине байланыштуу, жайыт комитетинин төрагасы О.Сейталиевге эскертүү берилсин жана отчету кийинки сессияга калтырылсын.
2. ИСКАКБ Таза-суунун отчету жетекчиси Н.Тайжанов белгилүү себептер менен уруксат сурап, келбегендигине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
3. Жаштар паркына канча сотых жер керек айыл өкмөт башчысы тактоо жүргүзсүн жана кийинки сессияга калтырылсын.
4. Кийинки сессияга Бакай-Ташка геологиялык изилдөө жүргүзө турган ОсОО “Полюс Голд Кей Джи” компаниядан өкүл келип түшүндүрмө беришсин.
5. 1 Кууганды айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 000 000 сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга бөлүнүп чыгымдалсын:
а) Айыл өкмөтүнүн имаратынын ичин ремонттон (текущий) өткөрүү үчүн,
2221- 150,0 миң сом,
б) Айыл өкмөтүнүн карамагындагы клубду ремонттон ( текущий) өткөрүү үчүн,
2221-200,0 миң сом,
в) Үч-Эмчек айылынын ички көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу (прожекторлорду
орнотуу) үчүн 2222- 150,0 миң сом,
г) Кууганды айыл өкмөтүндөгү жаштар паркын курчоо (ограждения) үчүн, 3111-
200,0 миң сом,
д) Кууганды айыл өкмөтүнүн имараттарына эмеректерди жана компьютерлерди
алуу үчүн,3112- 300,0 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кууганды айыл өкмөтүнүн бөлүм
башчысы Т. Шыгаевге милдеттендирилсин. Аныктама ( уведомление) менен
такталсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кууганды айылдык аймактык
Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Айыл өкмөт башчы интернет боюнча так маалымат алып берсин, ошого жараша кийинки сессияда кароого калтырылсын.
7. Мектептин спорт залынын полдорун оңдоп-түзөө иштерине бюджеттен акча карап, бүткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
8. Ар кандай маселелерде депутаттар сунуштаган тех.сервистин жана көчмө пилораманын, мини футбол аянтчасынын түшкөн акча каражаттары боюнча отчеттору кийинки сессиянын күн тартибине киргизилсин.
Төрага | Э. Тайтекеев |