Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры №14
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1).Жайыт комитетинин бухгалтери ооруп сессияга келбегендигине байланыштуу, жайыт комитети 9 айдын отчетуна 2016-жылдын отчетун кошуп кийинки сессияда берсин .
2).Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ЖӨБ органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү келишимге ылайык айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосунда келишим түзүлсүн.
1).ИСКАКБ Таза суунун отчету толугу менен оңдолсун, жылдык отчетун так, туура даярдап, кийинки сессияда кайра берсин.
2).Жетекчисине эскертүү берилсин.
1).Тех. сервис боюнча эмне иш алынып барылды? айыл өкмөт башчысы маалымат берсин .
2).техника пайдалануучулардын келип катышуусун көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
1).Кичи футбол аянтчасынын иши канааттандырарлык деп табылсын.
2)Майда ремонт иштерин арендеторго, чоң капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3).2017-жылдын 1-ноябрынан баштап кичи футбол аянтчасынын арендасы 5000 (беш миң)сом болуп бекитилип, кайра келишим түзүлсүн.
Көчмө пилораманын иши канааттандырарлык деп табылсын.
“Жаштар” паркына жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги бош жерлерге Гос.акты алууга айыл өкмөтүнө уруксат берилсин.
Бакай-Таштагы 10,6 га жайыт жерине геологиялык изилдөө жүргүзө турган ОсОО “Полюс Голд Кей Джи” компаниясына геологиялык изилдөө жүргүзүүгө уруксат берилсин.
1.Кууганды айыл өкмөтүнүн кайракы жерлери пайдаланылбаса да, кайракы бойдон калтырылсын.
2.Кууганды айыл аймагындагы КБФке тиешелүү пайдаланылбай жаткан сугат -20,5 га жана кайракы -77,5га жерлери салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
1).“Айыл аймагындагы тазалыкты сактоо жана камсыздоо ” максатында, айыл ичиндеги чоң жана кичине көчөлөргө таштанды таштоого же чыгарууга, малдын кыгын жол жээгине жаткырууга, кыш мезгилинде жолго кар чыгарууга тыюу салынсын.
2).Айып пул 2 500(эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
1). “Калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн төлөм” айыл аймагындагы ар бир түтүн башына таштанды чыгарууга айына 5 сомдон төлөм киргизилсин.
2).Айыл ичиндеги чоң жана кичине көчөлөрдү толук кыдырып, таштандыларды чыгарып кетүү жагы тех. сервис жетекчисине, төлөмдөрдү жыйноо тех. сервис бухгалтерине милдеттендирилсин.
Айыл өкмөт башчысы Өнүгүү фондусуна айыл аймагына интернет койдуруу долбоорун даярдап, кат менен кайрылсын.
Өрнөк тараптагы суу топтооочу резервуарга Ж.Турдукожоевдин ысымы берилсин.
КР Салык кодексинин 337- беренесинин 1- жана 6-бөлүктөрүндө каралган Кууганды айыл аймагына тийиштүү болгон айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары Кууганды айыл өкмөтүндө өзгөртүүсүз калсын.
1).К.Каимов атындагы орто мектебинин жанына коюлган электр көмөк чордону ТП-859 КТП-250 кВт, 15 (он беш) метр квадрат жер аянты Талас райондук Түндүк электр ишканасына бөлүнүп берилсин.
2).Токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Тайтекеев |