Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы №16
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жасалган иштери
канааттандырарлык деп табылсын.
2.Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы
канааттандырарлык деп табылсын.
1.Кууганды айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.2017-жылдын жыйынтыгы менен калган 926 400(тогуз жүз жыйырма алты миң
төрт жүз) сом айыл өкмөттүн оңдоп түзөө жумуштарына, түрткү берүүчү грантт
менен каржыланып жаткан айыл өкмөтүнүн маданият үйүн капиталдык
ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына жана АРИС долбооору аркылуу
каржыланып жаткан айыл өкмөттүн жайыт комитетине техника алуу үчүн
жумшалсын.
Кууганды айыл аймагындагы өзөндөрдөгү мал багылуучу сарайлардын ар биринин ордуна 500сом өлчөмүндө салык төлөнсүн.
1.Тех сервистин 2017-жылдагы бир жыл ичинде аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл тургундарынан чогултулуучу каражат февраль айынын 15-ине чейин чогултулуп төгүлүүсүн көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Тех.сервистин иш планын даярдап бекитүүнү кийинки сессияга калтырылсын.
Кууганды жайыт комитетинин 2017-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча финансылык жана жасалган иштер тууралуу жылдык отчету кийинки сессияга калтырылсын.
Кууганды жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү кийинки сессияга калтырылсын.
Аймактагы саз жерлерге: Ж.Муктаркан көчөсүнүн батыш тарабынан 1 га, Н.Шаршен көчөсүнүн түштүк тарабынан 0,5 га, А.Соорбек көчөсүнүн түндүк-чыгыш тарабынан 0,5 га жерлерге ак кайың, кара тал олтургузууга уруксат берилсин.
Монголия өлкөсүнө тогуз коргоол боюнча спорттук мелдешке баруугаБ.Жолдошбеков жана окуучусу С.Асанова экөөнө айыл өкмөтүнөн 10 000 (он миң) сом жол жире чыгымдарына берилсин.
“Эне данкына” медалына алты балауу энелер Калманбетова Назира,Бейшенова Нурила,Бекбаева Аида Талас райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
1.Айыл аймагында мектеп окуучулары арасында “Көк бөрү ” ойноого тыюу салынсын.
2.Көк-бөрү оюнун ойноого баласына уруксат берген ата-энелерине кокустуктун (кырсыктын) алдын алуу максатында мектеп администрациясы тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн
Төрага | Э. Тайтекеев |