Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28- январы № 2/1
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө айылдык өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчету жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө айылдык өкмөтүнүн башчысы НА. Абдырамановдун отчеттук билдирүүсүн (доклад тиркелет) угуп , төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айылдык өкмөт тарабынан 2016-жылда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Айылдьж аймактын соңиалдык тармагын өнүктүрүү үчүн жакшы аракеттер көрүлгөн. Атап айтсак, Байкашка-Терек айылындагы Ы.Акылбеков атындагы орто мектептин жаны имаратынын курулушу бүтүү алдында турат. Курулуштун өрчүндүү бөлүгү 2016- жылда аткарылган. Товар-Сай айылында долбоор менен ФАПтын имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген, Мукур айылында бала бакчанын оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Ушундай эле жолдорду көпүрөлөрдү оңдоо боюнча да иштер жүргөн. Товар-Сай айылында Авлетим суусуна көпүрө курулган, Жангактуу-Булак айылында Итагар суусуна маркум Аликеев Эргешалынын балдары жана туугандары тарабынан көпүрө салынган. Авлетим айылынын борбордук көчөсүнүн 1 км аралыгына асфальт төшөлгөн.
Долбоор аркылуу Мукур айылынын жогорку чегине таштандыларды чогултуу үчүн жай, "Яма Беккердин" курулушу башталган.
Айыл өкмөтүнүн имаратында "Бирдиктүүтерезе" деп аталган адистер үчүн атайын жайлар курулуп, жарандар менен адистердин иштөөсү үчүн ынгайлуу шарттар түзүлгөн.
Жүргүзүлгөн алгылыктуу иштер менен катар айылдык өкмөт тарабынан айрым кемчиликтерге жол берилип келе жаткандыгын сессия белгилейт.
Айылдык өкмөттүн бюджетин которуу боюнча иштер жакшы жолго коюлбай келүүдө, айылдык аймакта кошумча жумушчу орундарды түзүү иштери да колго алынбаган бойдон калууда.
Ушундай эле айылдык өкмөттүн муниңипиалдык менчигиндеги имаратгарды, курулмаларды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу (айрыкча долбоорлор аркылуу) жана алардан айылдык өкмөттүн атайын эсебине каражаттүшүрүү жана башка ушул сыяктуутоп кемчиликтер айылдык өкмөттүн ишинде орун алып келүүдө.
Жогорудагы белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык өкмөтүнүн 2016-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө "канаттандырарлык" деп бааланып бектилсин.
2. Аиылдык өкмөт тарабынан айылдык аймактын соңиалдык тармагын өнүктүрүү үчүн инвестиңияларды тартуу, өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу долбоорлор менен иштоо, жолдорду оңдоо жана айылдык өкмөттүн кызматкерлеринин жарандар менен иштөө шартын жакшыртуу багытында бир топ жакшы аракеттердин бар экендиги белгиленсин.
3. Авлетим айылдык өкмөтүнүн 2016-жылда жүргүзгөн иштеринде орун алган, айылдык өкмөттүн муниңипиалдык менчигинде турган имараттардын, айрыкча долбоорлор аркылуу курулган имараттардын жана курулмалардын максаттуу пайдаланылбай жаткандыгы , алардын айрымдарынын бузулуп кеткендиги, айыл тургундары үчүн жумушчу орундарынын түзүлбөй жаткандыгы, айылдык өкмөттүн бюджетин жьшдан жылга которуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттердин жетишсиздиги сыяктуу кемчилдиктер айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Абдырамановго көрсөтүлүп, 2017- жылда жоюу жагы боюнча конкреттүү чараларды көрүү ага милдеттендирилсин.
4. Айылдык кенештин "соңиалдык маселелер" боюнча жана "Айыл чарба жана экологияны коргоо" боюнча туруктуу комиссиялары", ушундай эле айылдык кенештин депутаттары тарабынан айтылган сын сунуштар көңүлгө алынсын. Айтьшган сын-сунуштар боюнча айылдык өкмөт тарабынан иш чаралардын планы иштелип чыгылсын жана аткарууга алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жүрүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын 2017-жылдын сентябрь айындагы сессияда билдирүү берүү айылдык өкмөттүн башчысы Н.Абдырамановдон талап кылынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айьшдык кенештин туруктуу комиссияларына (Шабданов К.М., Төлөбаев А.А., Назаралиев Ж.К., Ибраимов С.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |