Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы №7/4
Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “ Көктай Булак” ИСКАКБсынын таза сууга тарифин бекитүү жөнүндө
Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “ Көктай Булак” ИСКАКБ сынын таза сууга тарифин ылдыйлатып берууну сурап көчөлөр боюнча айыл тургундарынын арыздарын карап депутаттардын Соң-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “ Көктай Булак” ИСКАКБ сынын таза сууга тарифин ылдыйлатып берууну сурап жазган айыл тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. “ Көктай Булак” ИСКАКБ сынын таза сууга тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
Үйгө суу киргизип кошууда -1000 сом өлчөмүндө
Үйгө суу киргизгендер жан башына -20 сом өлчөмүндө
Колонкадан алгандар жан башына -15 сом өлчөмүндө.
3. Үйгө суу киргизүүдө айыл өкмөтүнүн уруксааты менен киргизилсин, уруксааты жок киргизилсе 5000(беш миң) сом өлчөмүндө айып салынсын.
4. Жогорудагы бекитилген тариф менен акча чогултуу таза суу башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпов |