Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы №7/5
Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бош калган каражаттарды бөлүү жөнүндө
Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн Соң-Көл орто мектебине долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн бөлүнгөн акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан кайра бөлүштүрүүдө депутаттардын Соң-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соң-Көл айыл өкмөтүндө бош калган каражаттан төмөндөгү тармактарга бөлүнсүн: - “Фаризат” бала бакчасына “ Мыкты оюн аянтчасы” сынагына катышууга карата аянтчаны жазоо үчүн 6000( алты мин ) сом.
Айыл ичиндеги көчөлөрдү жарыктандырууга жана жарнамалык щиттерди орнотууга 50 000(элүү миң) сом.
Мектептин учурдагы ремонту үчүн 15 000(он беш миң) сом.
“ Энелер күнүн” белгилөөгө карата 5000(беш миң) сом.
“Акыркы коңгуроо” аземин өткөрүүгө карата 2000(эки миң) сом.
Айылдык Кеңешке концтовар алууга жана ар кандай чыгымдар үчүн 5000(беш мин) сом.
Айыл ичинде эки жерге көпүрө коюуга жана суу бөлүштүрүүчү 2 соружение куруу үчүн порталга жарыялап ошого жараша тийешелүү акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жогорудагы акча каражаттарын бөлүп берүү жана порталга жарыялоо башкы эсепчи Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
3. Жалпы көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Жакыпов |