Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры №9/2
Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Соң-Көл айылдык аймагынын 2017-жылынын жетинин айынын 27 деги № 9/2 токтомунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Соң-Көл айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Соң-Көл Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Соң-Көл айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Соң-Көл айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2016-жылдын аяк оона айынын 13-дөгү №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Чекирбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпов |