Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы №11/8
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын № 37 беренесинин 10 бөлүмүн турмушка ашыруу максатында Сон-Көл айылдык Кеңешинин төрагасына бир жолку компенсациясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен толөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын № 37 беренесинин 10 бөлүмүн турмушка ашыруу максатында Депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X I – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айылдык Кеңешинин төрагасына бир жолку компенсация айылдык Кеңештин сессиясы иштеген мезгилде жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бир жолку компенсацияны эсептөө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык эмгек акысынын негизинде эсептелсин.
3. Бир жолку компенсацияны эсептеп төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы – башкы эсепчи Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпов |