Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/2
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга карата кирешелердин түшүүсү боюнча болжол жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2018-жылдын 7-июнундагы, кир.№01-7/243, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга карата кирешелердин түшүүсү боюнча болжол жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча болжолу, 2019-жылга карата – 215 000,0 миң (эки жүз он беш миллион) сом, 2020-жылга карата – 214920,1 миң (эки жүз он төрт миллион тогуз жүз жыйырма миң бир жүз) сом, 2021-жылга карата – 224012,4 миң (эки жүз жыйырма төрт миллион он эки миң төрт жүз) сом өлчөмүнө макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, 2019-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша долбоорунун эсебин, Каракол шаарынын 2019-2021-жылдарга карата бекитилген кирешелердин болжолуна ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |