Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/3
Yнөмдөлгөн акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2018-жылдын 27-июнундагы, кир.№01-7/218, Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын 2018-жылдын 10-майындагы, чыг.№1/16-1757, финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын 2018-жылдын 17-апрелиндеги, кир.№01-7/150 каттарын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө, 2018-жылдагы чыгаша сметасы боюнча, бала-бакчаларга мурда каралган акча каражаттын жана мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү акча каражаттарды бөлүп берсин:
200 200 (эки жүз миң эки жүз) сом, №2 орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоого;
250 000 (эки жүз элүү миң) сом, №4 мектеп-гимназиясынын даратканасын курууга;
73 000 (жетимиш үч миң) сом, №7 орто мектебинин ашканасын ремонттоого;
95 000 (токсон беш миң) сом, билим берүү бөлүмүнө компьютерлерди сатып алууга;
180 000 (жүз сексен миң) сом, №15 бала бакчага көмүр сатып алууга;
530 000 (беш жүз отуз миң) сом, бала-бакчаларга эмеректерди сатып алууга;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |