Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/4
Каракол "Суу түтүк" муниципалдык ишканасынын жетекчисин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 19-мартындагы, кир.№01-7/120 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 3-пунктунун 4-подпунктунун негизинде, Каракол "Суу түтүк" МИсинин директорлугуна Ишембиев Канатбек Абыловичти бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |