Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/6
Искаков атындагы жана Элебаев атындагы көчөлөрү тарапта жайгашкан жаңы конуштагы көчөгө Алымбаев Темиркулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 28-мартындагы, кир.№01-7/126 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Искаков атындагы жана Элебаев атындагы көчөлөрүндөгү жаңы конуштун, экинчи көчөсүнө Алымбаев Темиркулдун ысымы ыйгарылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, аталышы Алымбаев Темиркул атн. болгон көчөгө, аты жазылган табличкаларды даярдатып, бурчтагы үйлөргө тагууну камсыз кылсын.
3. Демилгелүү топ, көчөнү жашылдандырууга мүмкүн болушунча жардам берсин жана "Каракол шаарынын аймагындагы аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо тартиби жөнүндөгү" Жобонун 10,11-беренесине ылайык, бардык талаптарды аткарсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |