Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/7
Карасаев атындагы жана Элебаев атындагы көчөлөрү тарапта жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 7-майындагы, кир.№01-7/178 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карасаев атындагы жана Элебаев атындагы көчөлөрү жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Демилгелүү топ, бир айлык мөөнөттүн ичинде, аталган жаңы конуштун бир нече жерлерине, жаңы конуштун аталышы жазылган табличкаларды даярдатып тагууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |