Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/8
Пионерская атн.көчөнүн атын өзгөртүү жана аны Карга Аке атн.көчө деп атоо жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2018-жылдын 17-апрелиндеги, кир.№01-7/151 катын, Пионерская атн.көчөнүн тургундарынын жыйналышынын протоколун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин руханий өнүгүүсүнө, биримдигин сактоого кошкон зор салымын эске алуу менен, эрежеден сырткары, Пионерская атн.көчөнүн аталышы өзгөртүлүп, ал Карга Аке атн.көчөсү деп аталсын.
2. Демилгелүү топ:
көчөнү жашылдандырууга мүмкүн болушунча жардам берсин;
"Каракол шаарынын аймагындагы аталыштарды, өзгөртүлгөн аталыштарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда жана аянттарды локалдуу жана транспорттук объектилерди атоо тартиби жөнүндөгү" Жобонун 10,11-беренесине ылайык, бардык талаптарды аткарсын;
3. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, аталышы өзгөртүлгөн көчөгө, аты жазылган табличкаларды даярдатып, бурчтагы үйлөргө тагууну камсыз кылсын.
4. Токтом 2021-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |