Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/9
№4 мектеп-гимназиясына Абит Ахматовдун ысымын берүү жөнүндө
№4 мектеп-гимназиясынын коллективинин 2018-жылдын 20-майындагы, чыг.№4/48, "№4 мектеп-гимназиясына Абит Ахматовдун ысымын берүү жөнүндөгү" кайрылуусун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын, А.Ахматовдун ысымын №4 мектеп-гимназиясына берүү жөнүндөгү корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын №4 мектеп-гимназиясына Абит Ахматовдун ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |