Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/10
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун автомотоклубуна, генерал-майор Тавалды Молдобаевдин ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын КСТУ автомотоклубунун башчысы Р.М.Муканбетовдун, 2018-жылдын 29-июнундагы, кир.№01-7/285, "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун автомотоклубуна, генерал-майор Тавалды Молдобаевдин ысымын берүү жөнүндөгү" өтүнүчүн карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун автомотоклубуна, генерал-майор Тавалды Молдобаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтом, Кыргыз Республикасынын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун борбордук Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |