Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/12
Каракол шаарынын прокуратура кызматкерлерине ведомстволук көп кабаттуу үй куруу үчүн, "Кашка-Суу" кичи районунан, жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2018-жылдын 18-июнундагы, кир.№01-7/260 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын прокуратура кызматкерлерине ведомстволук көп кабаттуу үй куруу үчүн, аянты 30 сотых жер тилкесин, "Кашка-Суу" кичи районунан, долбоорлоо жана көп кабаттуу үй куруу үчүн бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын прокуратурасы төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
долбоорлону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелери, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен жүргүзүүгө;
көп кабаттуу үйдү куруу долбоорун 5 кабаттан кем эмес кылууга;
3. Эгерде, Каракол шаарынын прокуратурасы, көп кабаттуу социалдык үйдү куруу иштерин 2 жылдын ичинде баштабаса, бөлүнүп берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, бир жактуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык алынат.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |