Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июль №27-21/13
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы, №26-7/3 токтому менен кабыл алынган "Каракол шаарынын аймагында автоунааларды парковкалоо үчүн төлөмдү эсептөө, төлөө тартиби жөнүндөгү" Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин, 2018-жылдын 25-январындагы, кир.№01-7/49 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. III бөлүмдүн, 3.1 пунктундагы 5 деген сан, 20 деген санга алмаштырылсын.
2. Каракол шаарында парковкалардын дислокациясы, картага ылайык бекитилсин (тиркелет).
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |