Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/14
К-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
А.Бейшееванын 2018-жылдын, 28-майындагы, кир.№01-9/44 арызын, Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М.Токоевдин, 2018-жылдын 27-мартындагы, чыг.№06-06/179, К-1 зонасынын бөлүгүн, башкага өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К-1 (коммуналдык жана транспорттук ишканалар, капиталдык гараждар жана авто унаа токтоочу жайлар зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кыдыр-Аке атындагы көчөсү, номери жок дарегинде жайгашкан, аянты 1285,0 м2 жер тилкесин, Ц-3 (базар жана дүң соода зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. А.Бейшеева, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |