Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/21
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумдар залынын капиталдык ремонтуна бөлүнгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2018-жылдын 26-июлундагы, чыг.№1/16-2711 катын карап жана талкуулап, ремонт иштерин тездетүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), мурда Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин отурумдар залынын капиталдык ремонтуна бөлүнгөн акча каражаттын ичинен, 721 095 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, мэриянын чыгашалар сметасынын 3111 беренесинен, Каракол шаардык Кеңешинин чыгашалар сметасынын 3112 беренесине (инвентарды сатып алуу) жылдырсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |