Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу №27-21/22
Каракол шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын, Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевге ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушун талкуулап Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевге ишеним көрсөтпөө боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөргөн комиссиянын №2 протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 43-беренесинин, 6-пунктунун, 9-подпунктунун негизинде, Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевге ишеним көрсөтүлбөсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |