Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну № 25
Ийри-Суу- Чаңгет авто жолунун эскилиги жеткен асфальтын талкалатып шагыл төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысынын кезексиз сессиянын күн тартибине киргизген сунушун карап жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн району менен байланыштырган Өзгөн-Чангет авто жолунун Капа-Бел ашуусунан тартып же, болбосо 28-чакырымдан 35-чакырымга чейинки аралыктагы асфальт катмарын талкалап шагыл жол кылууга макулдук берилсин.
2. Райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси менен макулдашуу жана кат жолдоо айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |