Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы №11/1
Кара-Бүргɵн айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча финансы-экономика иштери боюнча жетектөөчү адис Р.Токтосуновдун отчету жөнүндө
Кара-Бүргɵн айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча финансы-экономика иштери боюнча жетектөөчү адис Р.Токтосунов отчет берди.
Бюджеттик комиссиянын төрагасы К.Элчибек уулу туруктуу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. 2017-жылда жалпы 5819,4 сом каралган. Анын ичинен грант-4229,9 сом, доход- 839,5сом, спец-135,5сом, жайыт-615,0 сом. Жыйынтыгында киреше бөлүктөн ашык инохотадан-262,5сом, лицензиядан-168,6сом, налогдон -39,0 сом түшкөн. Жалпы 2017-жылдын бюджетинен 1399,9 сом экономдолгон. Белгиленген статьядан башка максаттарга пайдаланылган учур болгон эмес. Жогорудагыларды белгилеп Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы канаатандыраарлык деп табылсын.
Төрага | Г. Каналиева |