Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу №14/6
Кара-Бүргөн айылында К3-зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана К3-коэффицентти бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы «Кыргыз Республикасынын салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө» №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 14- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январынан баштап Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
Айыл чарбасы багытындагы жерлердин жер салыгы, короо-жай алдындагы багбанчылык жер жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы.
1,2,3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2. К3-зоналдык коэффицентинин маани си 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептреи Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 01-январь 2019-жылдан баштып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Каналиева |