Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-августу № 169
Мырза-Аке айылынын тургуну Г.Жороеванын бала бакча ачуу боюнча арызы жонундо
Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдируусун угуп жана талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Г.Жороеванын идентификациялык коду № 5-06-15-1001- 2279 сандуу Курманжан Датка көчөсүндөгү менчик турак жайына жамааттык бала бакча ачуусуна уруксат берилсин.
2. Менчик жер тилкеси турак жай котегориясы жер эсебинде тургандыктан ,бала бакча багытындагы курулуш котегориясы жер эсебине озгортууго макулдук берилсин.
3. Жаны ачыла турган бала бакчанын керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл жана уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык Кенештин торагасынын орун басары Ж. Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |