Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-августу № 9/3
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн юристинин кайрылуусунун негизинде өкмөттүн 47/1 токтомунун аткарылышы жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын 9- сессиясынын үчүнчү маселесин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулуктун сакталышы, укук коргоо, этика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер, салык кызматкерлери менен биргеликте А.Ташбаевдин 47/1-токтомунун аткарылышы жөнүндөгү арызы боюнча тактап, кийинки сессияга сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге жүктөлсүн.
2. Өзбек Республикасына көчүп кеткендердин үлүшүн тактап, кийинки сессияга сунуш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси С.Тиллебаевге жана жогоруда аталган туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эшалиев |