Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-августу № 9/4
Мамлекеттик фондунун жерлеринин бөлүштүрүлүшү жана иштетилиши жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын 9- сессиясынын төртүнчү маселеси “Мамлекеттик фондунун жерлеринин бөлүштүрүлүшү жана иштетилиши жөнүндө”угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОСОО”Плоды Азии сервис”фирмасы менен 2015-жылы түзүлгөн келишим өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Кум айылындагы МП-1 чарбалык насостун жери стратегиялык мааниде болгондуктан ижарага берүү токтотулсун.
3. Мамлекеттик жерлердин бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү билдирүү эске алынсын.
4. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эшалиев |