Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-августу № 9/5
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевдин кайрылуусу жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын 9- сессиясынын бешинчи маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевдин кайрылуусу жөнүндө сессия угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 700111 Башкаруу аппаратынын 3111 Курулуштарды жана имараттарды куруу статьясынан 1 000 000 (Бир миллион) сом, 2215 Түрдүү чыгымдар статьясынан 383 000 (Үч жүз сексен үч миң) сом, 2221 Учурдагы оңдоолор статьясынан 17 000 (Он жети миң) сом;
2. 70926 Турак жай жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн 2215 Түрдүү чыгымдар статьясынан 230 000 (Эки жүз отуз миң) сом, 2221 Учурдагы оңдоолор статьясынан 75 000 (Жетимиш беш миң) сом, 3111 Курулуштарды оңдоолор статьясынан 75 000 (Жетимиш беш миң) сом, 3111 Курулуштарды жана имараттарды куруу статьясынан 450 000 (Төрт жүз элүү миң) сом;
3. 70921 Орто билим берүү бөлүмүнүн 2221 Учурдагы оңдоолор статьясынан 320 000 (Үч жүз жыйырма миң) сом, 3112 Машиналар жана жабдуулар статьясынан 32 000 (Отуз эки миң) сом акча каражаты кырскартылып, баарысы болуп жалпы суммасы 2 507 000 (Эки миллион беш жүз жети миң) сом акча каражаты кыскартылып төмондөгү статьяларга которулсун:
а) 70111 Башкаруу аппаратынын 2215 Түрдүү чыгымдар статьясына Аксы 90 жылдык мааракесине 50 000 (Элүү миң) сом;
б) 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн 150 000 (Бир жүз элүү миң) сом;
в) Резервдик ротага 35 000 (Отуз беш миң) сом;
г) Ветеринардык сервис жууткана ачууга 50 000 (Элүү миң) сом;
д) 2222 Буюмдар жана материалдарды сатып алуу статьясынан Кум жана Жыл-Кол айылындагы ФАПтарга материалдарды алып берүү үчүн 80 000 (Сексен миң) сом;
е) 3112 Машиналар жана жабдууларды сатып алуу статьясына “АРИС” аркылуу Хова машинасын сатып алуудагы жетпей калган суммасына 30 000 (Отуз миң) сом;
ж) 3111 Курулуштарды жана имараттарды куруу статьясына Мешков көчөсүн асфальттоого 870 000 (Сегиз жүз жетимиш миң) сом;
з) Өрт өчүрүү кызматына бокс курууга жетпей калган суммасы үчүн 413 000 (Төрт жүз он үч миң) сом.
4. 70921 Орто билим берүү бөлүмүнүн 3111 Курулуштарды жана имараттарды куруу статьясына Н.Мешков мектебинин от казанын алмаштыруу үчүн 300 000 (Үч жүз миң) сом, Т.Сатылганов мектебинин ашканасынын ремонту үчүн 139 000 (Бир жүз отуз тогуз миң) сом жана Токтогул ажы мектебинин көмүр навесин курууга жетпей калгандыгы үчүн 70 000 (Жетимиш миң) сом.
5. 70911 Балдар бакчасынын 2221 Мүлктү учурудагы оңдоолор статьясына “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо үчүн 220 000 (Эки жүз жыйырма миң) сом.
6. 70926 Турак жай жана коммуналдык кызмат бөлүмүнүн 3111 Курулушутарды жана имараттарды куруу статьясына Жыл-Кол айылындагы сел алып кеткен лотокту оңдоо үчүн 100 000 (Бир жүз миң) сом, баарысы болуп жалпы суммасы 2 507 000 (Эки миллион беш жүз жети миң) сом акча каражаты жогорудагы көрсөтүлгөн статьяларга которулсун.
7. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 70111 Башкаруу аппаратынын 5942 атайын каражат эсебиндеги 2215 Түрдүү чыгымдар статьясынан 135 000 (Бир жүз отуз беш миң) сом, 70911 Балдар бакчасы бөлүмүнүн 6245 атайын каражат эсебиндеги 2215 Түрдүү чыгымдар статьясынан 155 000 (Бир жүз элүү беш миң) сом, 2222 Буюмдар жана материалдарды сатып алуу статьясынан 200 000 (Эки жүз миң) сом, жалпы суммасы 490 000 (Төрт жүз токсон миң) сом акча каражаты кыскартылсын.
8. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 70111 Башкаруу аппаратынын 5942 атайын каражат эсебиндеги 2221 Мүлктү учурдагы оңдоолор статьясына Т.Сатылганов мектебинин ашканасынын сантехникасын жасатуу иштери үчүн 135 000 (Бир жүз отуз беш миң) сом.
9. 70911 Балдар бакчасы бөлүмүнүн 6245 атайын каражат эсебиндеги 2211 Кызматтык кыдыруулар статьясына 50 000 (Элүү миң) сом, 2221 Мүлктү учурдагы оңдоолор статьясына “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо үчүн 305 000 (Үч жүз беш миң) сом жалпы суммасы 490 000 (Төрт жүз токсон миң) сом акча каражаты жогорудагы көрсөтүлгөн статьяларга которулсун.
10. Жайыт комитетине “АРИС” боюнча келген погрузчикке тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
а) Айыл өкмөтүнүн иштери үчүн саатына 2500 сом;
б) Башкалар үчун саатына 3500 сом (перегонго ГСМ ге төлөнөт).
11. “Таза-Үч-Коргон” ишканасынын тарифи бекитилсин.
12. Назаралиев айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыялансын.
13.Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб –сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
14. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эшалиев |