Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 23/1
Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин төрагасына макулдук берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин төрагалыгына Карбосов Турдалыга макулдук берилсин.
2. Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин төрагалыгына Карбосов Турдалыны бекитүү ИСКАКБнен суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукттук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |