Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 23/2
Ак-Муз айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерге корукчу, кароолчу алуу жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл чарба багытындагы дыйкандардын үлүш жерлерине эки корукчу, бир кароолчу келишимдин негизинде алынсын.
2. Ак-Муз айыл аймагынын корукчулардын ар бирине келишимдин негизинде бир айга 10 000 (он миң) сомдон төрт айга 80 000 (жексен миң) сом, бир кароолчуга бир айга 5 000 (беш миң) сом, төрт айга 20 000 (жыйырма миң) сом 2018-жылга төрт айга жалпы 100 000 (жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукттук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |