Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 23/3
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин мыйзамдарына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүңүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга карата долбоор сметасы болжолдуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2019-жылга жергиликтүү киреше 2 071,3 (эки миллион жетимиш бир миң үч жүз) сом, теңдештирилген грант 8 698,5 (сегиз миллион алты жүз токсон сегиз миң беш жүз) сом, баардыгы 10 769,8 (он миллион жети жүз алтымыш тогуз миң сегиз жүз) сомго.
-2020-жылга жергиликтүү киреше 2 120,8 (эки миллион бир жүз жыйырма миң сегиз жүз) сом, теңдештирилген грант 9 203,3 (тогуз миллион эки жүз үч миң үч жүз) сом, баардыгы 11 324,1 (он бир миллион үч жүз жыйырма төрт миң бир жүз) сомго.
-2021-жылга жергиликтүү киреше 2 172,0 (эки миллион бир жүз жетимиш эки миң) сом, теңдештирилген грант 9 775,6 (тогуз миллион жети жүз жетимиш беш миң алты жүз) сом, баардыгы 11 947,6 (он бир миллион тогуз жүз кырк жети миң алты жүз) сомго.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул болжолдуу бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүң башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |