Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 24/3
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен экскаватор алуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын муниципалдык ишкананын директору Ч. Эсенгелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 9-февраль 2018-жылдагы № 16/1 токому менен жергиликтүү бюджеттен погрузчик алуу үчүн бөлүнгөн 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго экскаватор сатып алынсын;
2. Экскаватордун сапатын карап сатып алууга төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
-А. Айыпов-айылдык Кеңештин төрагасы;
-Иса уулу Нурланбек-айыл өкмөтүнүн башчысы;
-Э. Касканов-айылдык Кенештин депутаты;
- А. Абдырахманов-айылдык Кенештин депутаты;
-А. Оторбаев-айыл тургуну;
-Ү. Өмүралиев-айыл тургуну;
-А. Калчаев-айыл тургуну;
-У. Мокешов-айыл тургуну;
-Т. Дербишалиев-муниципалдык ишкананын кызматкери;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-
muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын
Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн
Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн
башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |