Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 24/4
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин айыл аймагынын Чон-Ача өрөөнүнө көпүрө салууга швеллер берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн балансындагы кормоцехтен Чон-Ача өрөөнүнө көпүрө салууга эки швеллер берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |