Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 26/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз Үлүш бөлүштүрүү комиссиясынын заседаниесинин 25.01.1995-жылдагы № 1 токтому менен № 2, № 1 бригадага берилген эски кампага, кормоцехке тиешелүү контур 999 дагы 40 000 чарчы метр жер аянты Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Муниципалдык менчикке бекитилген 40 000 чарчы метр жер аянтынын ичинен 3000 чарчы метр жер аянтына муниципалдык менчикке малга ийне сайуучу жай (ветраскол) салууга бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |