Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 27/1
Айылдык Кеңештин төрагасы жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу А. Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыпов Акылбек Жанболотович өз арызынын негизинде Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагалыгынан бошотулсун.
2. Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасы болуп Мокешов Уланбек Абдыкапарович шайлансын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Өмүралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |