Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 38
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кыш мезгилине карата жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |