Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 41
Мамылов Дөөлаттын арызынын негизинде Р-4 каналынын түштүк тарабынан 1,0га жер аянтын тоок кана куруу үчүн жайыт менен келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мамылов Дөөлаттын арызынын негизинде Р-4 каналынын түштүк тарабынан 1,0га жер аянтын тоок кана куруу үчүн жайыт менен келишим түзүүгө макулдук берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамылов Дөөлаттын арызынын негизинде Р-4 каналынын түштүк тарабынан 1,0га жер аянтын тоок кана куруу үчүн Дара жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен жайыттарды мал жаюудан башка максаттарга пайдалануу келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Нуридиновго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |