Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 42
Жаңы-Жер айылынын тургуну тоголок жетим Асанбек уулу Бектурду турак жай алуучулардын катарына кезексиз киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынын тургуну тоголок жетим Асанбек уулу Бектурду турак жай алуучулардын катарына кезексиз киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынын тургуну тоголок жетим Асанбек уулу Бектур Дара айыл аймагынан турак-жай салуу үчүн жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынын тургуну тоголок жетим Асанбек уулу Бектурду Дара айыл аймагынан турак-жай салуу үчүн жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү жагы Дара айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |