Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-июлу № 43
Сары-Талаа айылына бала-бакча куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында Сары-Талаа айылына бала-бакча куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Талаа айылына бала-бакча курууга 2758199 (эки миллион жети жүз элүү сегиз миң бир жүз токсон тогуз) сом акча каражатын өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар
Көрсөтүлүүчү кызматтын аталышы | Керектелүүчү иш кагаздары | Кызматтын акысы |
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү (А.Алпаизов көч.68, байл.тел.6-08-91) | ||
Материалдык жардам көрсөтүү | -арыз -паспорттун көчүрмөсү -жашагандыгы тууралуу маалым кат | акысыз |
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам берүү (көмүр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн спорттук сакайтуу лагерлери) | -арыз -паспорттун көчүрмөсү -жашагандыгы тууралуу маалым кат | акысыз |
Мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна кошумча төлөм | - | акысыз |
“Баатыр Эне”, “Эне Данкы” медалына көрсөтүү | -эненин паспорту, -ЗАГС күбөлүгү, -жашагандыгы тууралуу маалым кат, -3х4 сүрөт, -ар бир баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, | Акысыз |
Юридикалык жана жеке жактар үчүн жеке менчикке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө чечимди берүү | -арыз -паспорттун көчүрмөсү -гос. регистрден жери жоктугу жөнүндө маалым кат -жашаган жери тууралуу маалым кат,
| Акысыз |
Жеке менчик турак-жай үчүн жер тилкесин берүүгө кезекке каттоо | -арыз -паспорттун көчүрмөсү -госрегистрден жери жоктугу жөнүндө маалым кат -жашаган жери тууралуу маалым кат,
| акысыз |
Турак-жай жер тилкесин же жер үлүшүнүн чектерин тактоо боюнча актыны берүү | -арыз | Акысыз |
Муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү | -арыз -паспорттун көчүрмөсү | акысыз |
Жер аянттын жеке менчикке берүү (өткөрүү) | -арыз, -паспорттун көчүрмөсү, -жер аянтына тиешелүү иш-кагаздар | акысыз |
Жарандардын жашагандыгы жана үй-бүлөсү тууралуу маалымат берүү | - | акысыз |
Кожолукка бөлүп берүү | - | акысыз |
Жолбун иттерди атуу | -арыз | акысыз |
Айыл аймагында жашаган бирок катталбаган адамдар үчүн мүрзөдөн орун бөлүү | -арыз | акысыз |
Көчөлөрдүн атын коюу жана өзгөртүү | -арыз -сунуш, -жашоочулардын чогулушунун протоколу | Акысыз |
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу | -арыз -сунуш, -жашоочулардын чогулушунун протоколу | Акысыз |
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундарынын, мекеме-ишкан. таштандыларын чыгаруу | -арыз | келишимдин негизинде |
таза суу колонкаларын орнотуу | -арыз | А/ Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде |
Таза суу колонкаларына счетчик орнотуу | -арыз | А/ Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде |
Таза сууну өчүрүү | -арыз | А/Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде |
Таза суу трубаларын ремонттоо | -арыз | Кенеш тарабынан бекитилген коэффиценттин негизинде |
Жооптуу катчы: А.Мисиралиев