Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 20\3
Большевик айылына парк уюштуруу жөнүндө
Большевик айылынын кире беришиндеги түндүк батыш тарабындагы эски карьердин орду айылдын таштандылары төгүүчү жайына айлангандыктан,маңдайында жайгашкан бала бакчанын балдарына оору жугузуу булагы болбошу үчүн жана айылдын кире беришиндеги тазалыгын, айылдын көркүн жакшыртуу максатында парк уюштуруу маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Большевик айылынын кире беришиндеги түндүк батыш тарабындагы эски карьердин ордун жалпы аянты 6012,83м2 жер аянтына парк уюштурулсун.
2. Тиешелүү документтерин даярдоо жана эски карьердин таштандылардан арылтуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |