Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 26\5
Кочкор айылынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор айылынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө тиешелүү документтерин жана мекеменин протоколун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата ишиндеги жетишкендиктери үчүн Сапыйбекова Жылдызбүбүгө, Чынасылова Лира Аскарбековнага, Супатаева Юлдузай Ахметовнага, Курманалиева Асылбүбүгө, Турсунова Нурзат Акматбековнага, Шокоева Гүлнарага, Самудинова Майрамкүлгө, Акунова Аида Дюшебековнага, Байзакова Нуржанга, Бөрүбаева Асылкан Шайдылдаевнага, Ишенкулова Айгүлгө,Алыкеева Дамира Жакыпбековнага, Сейдакулова Рыска, Шайыпова Мээрге, Эмилова Жазгүл, Осмонова Нургүлгө «Айылдын мыкты медициналык айымы» наамы берилсин.
2. Мукаш кызы Айзатка, Алапаева Бурулканга, Жанаманова Лида Асанакуновнага, Турганбаева Эрмекбүбүгө, Эсеналиева Айнура Анварбековнага, Бейшенкулова Нэля Азатовнага «Айылдын мыкты доктуру» наамы берилсин.
3. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековга тапшырылсын
Төрага | Т. Балкыбеков |