Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-августу №16/64
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулуп жайгашкан жер аянты жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине жана “Кыргыз Республикасынын администрациялык–аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 25–апрелиндеги №65 Мыйзамынын 12–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын 2018–жылдын 31–июлундагы жыйынынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018–жылдын 21–июнундагы №01–18/65 сандуу буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын жашоочуларынын коллективдүү кайрылуусун жерине чыгып иликтөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын тыянагы менен шаардык кеңештин макул эместиги белгиленсин.
2. Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулган 29,26 га жер аянтынын Кызыл–Кыя шаарына таандуулугун тастыктоочу демилгечи топтун негиздемелери боюнча шашылыш иш чараларды жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаевден суралсын.
3. Кызыл–Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулган жер аянтынын Кызыл–Кыя шаарына таандуулугун тастыктоо боюнча башталган иштерди аягына чыгаруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге жүктөлсүн.
4. Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы К.Акматовго Кызыл–Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулган жер аянтынын Кызыл–Кыя шаарына таандык экендигин тастыктоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жана бул иштерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти менен биргеликте алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл–Кыя шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы–шаардын башкы архитектору А.Мурзатовго Кызыл–Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулган жер аянтынын Кызыл–Кыя шаарына таандык экендигин тастыктоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жана бул иштерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жана Ош областынын Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин чек араларын аныктоо боюнча Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин депутаттары менен Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйыны өткөрүлсүн.
7. Суралсын Кыргыз Республикасынын Премьер–министри М.Д.Абулгазиевден “Кыргыз Республикасынын администрациялык–аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008–жылдын 25–апрелиндеги №65 Мыйзамынын 10–беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын тез арада шаарга жөнөтүп, цемент заводу курулган жер аянтынын эле эмес, жалпы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин кошуналаш Ош областына, Араван жана Кадамжай райондоруна караштуу айыл кеңештери менен болгон тышкы чек араларын аныктап берүү иштерин аягына чыгарып берүү жагы;
8. Кызыл–Кыя шаарындагы цемент заводу – «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коому курулган жер аянтынын Кызыл–Кыя шаарына таандык экендигин далилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку органдарына шаардык кеңештин депутаттарынан делегация жөнөтүлсүн.
9. Кылыл–Кыя шаарындагы «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомунун иштөөсүнөн Жин–Жиген айылынын, Промплощадка көчөсүнүн жана Бам, Восток участкаларынын, жалпы эле шаардын жашоочуларынын ден соолугуна, алардын жашаган үйлөрүнө, турак жайларына, эгиндерине, мөмө жемиштерине келтирилген санитардык–экологиялык, динамикалык титирөөлөрдөн келтирилген зыяндарды аныктоо, жашоочуларды медициналык кароодон өткөрүү жана үйлөрүн, турак жайларын курулуш экспертизасын өткөрүү иштерин жүргүзүү шаардын аткаруу бийлигине–мэриясына тапшырылсын.
10. Кылыл–Кыя шаарындагы «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомунун иштөөсүнөн шаардын жашоочуларынын ден соолугуна, алардын жашаган үйлөрүнө, турак жайларына, эгиндерине, мөмө жемиштерине келтирилген санитардык–экологиялык жана башка зыяндарга компенсациялык төлөмдөрдү төлөө, шаар тургундарына өндүрүлгөн курулуш цементин өз наркында берүү талабын коюу, түзүлгөн келишимдерге негиз, «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомунан социалдык пакеттердин аткарылуусун талап кылуу жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрайымынын орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |