Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу №17/65
Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2017–жылдын жана 2018–жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2017–жылда шаардын 2017–2020–жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2017–жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты. 2017–жыл ичинде 2 млрд. 721,0 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү ыргагы 109,2% түздү. 2017–жылы шаардын экономикалык жана социалдык чөйрөсүнө 712,9 млн. сомдук инвестициялар тартылды. Шаар боюнча өткөн 2017–жылы жаңы 7 ишкана ачылган. Алардын ичинен 4 ишкана өндүрүш багытында, 3 ишкана кызмат көрсөтүү тармагында түзүлгөн. Капиталдык салымдарын көлөмү 21,0 млн. Сомду түзүп, 38 жаңы жумуш оруну түзүлгөн.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 6)–пунктуна жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 8)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2017–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын, 2018–жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2018–жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин Кызыл–Кыя шаарынын 2017–жыл жана 2018–жылдын 6 айы ичинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынан кабыл алынган социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда кемчиликтердин болгону белгиленсин жана быйылкы жылы аларды толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардагы мекеме–ишканалардын, уюмдардын, комитеттердин, башкармалыктардын жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
5. Кызыл-Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүү Программасын аткарылышынын жүрүшү боюнча ар бир жарым жылда шаардык кеңештин сессиясында отчет берип туруу жагы;
6. макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлер үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
7. шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп–өнүгүүсү үчүн чарбалык субьектилеринин каражаттарын активдүү тартууга чара колдонуу жагы;
8. шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
9. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл-Кыя башкармалыгынын башчысына (И.Жолдошов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына (Р.Зулпуев) божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
10. Шаардык социалдык фонд башкармалыгынын жетекчилигине (Р.Мурзаев) камсыздандыруу төлөмдөргө болгон карыздарды кыскартуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлсүн, потенциалдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн персоналдык тизмеси менен иштөөнү күчөтсүн.
11. Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына (Т.Давлятова) аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө, сүйүнчүлөрдү берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзсүн.
12. Шаардык билим берүү бөлүмүнө (Д.Матосмонова) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, билим берүүнүн денгээлин жана сапатын жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн. 2017–2018–окуу жылынын жыйынтыгы жана жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы менен (ЖРТ) төмөнкү көрсөткүчтөрдү берген билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ишине баа берилсин.
13. Шаардагы Үй–бүлөлүк Дарыгерлер Борборуна (А.Турдубекова) шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы жана балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чаралар көрүлсүн.
14. Шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Таштемиров) шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлсүн.
15. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө (А.Жунусов) укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтсүн жана шаардагы коомдук тартипти сактоону камсыздасын.
16. Ушул токтом шаардык “Мезгил жарчысы” жана “«Голос Кызыл–Кия Содружество + мир»” газеталары аркылуу чагылдырылсын.
17. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага, жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиясияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |