Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу №56
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Э. А. Темиров |