Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июнундагы № VI-1
Гулистан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо комиссияларынын резервдик курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү токтомдору тууралуу
Гулистан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамында өзгөртүулөр болгон. №5400-Фрунзе шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү, №5401-Самиев шайлоо участкасынын 1 мүчөсү, №5403 Чили Сай шайлоо участкасынын 2 мүчөсү, №5525-Таштак шайлоо участкасынын 3 мүчөсү ар түрдүү себептер менен комиссиянын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу жөнүндө арыз менен кайрылгандыгы үчүн участкалык шайлоо комиссиялардын жалпы чогулуштары тийиштүү токтомдорду кабыл алган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз республикасынын “Шайлоо кодексине”ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы №5400-Фрунзе участкалык шайлоо комиссиясынын, №5401-Самиев участкалык шайлоокомиссиясыны, №5403 Чили Сай участкалык шайлоо комиссиясынын, №5525-Таштак участкалык шайлоо комиссияларынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү протокол-токтомдору жактырылсын жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Раимбердиевага тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |