Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № VII-I
2017-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
2017- жылдын I жарым жылдыгындаайыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды.
2017- жылды Республикабызда «Ыйман, адеп жана маданият жылы» жана облусубузда ал эми районубузда «Мекенди сүйүү ыймандан» жылы деп жарыяланган.
2017- жылды айыл өкмөтүнүн «Жаштар арасында ыймандуулукту жайылтуу» жылы деп жарыяланган.
Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген.
Айыл өкмөтүнүн 2017- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 30 (отуз) долбоор киргизилип, азыркы күндө 22 (жыйырма эки) долбоор аткарылды.
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджети 6 айга 8 миллион 984 миң 500 сом болсо, аткарылганы 9 миллион 474 миң 900 сомду түзгөн. Анын исчинен жергиликтүү бюджеттин планы 4 миллион 302 миң болсо, аткарылганы 5 миллион 66 мин сомду түзгөн.
Айыл аймагында 2017-жылдын 6 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 10 млн. 500 миң сомду түзөт. Анын ичинен тышкы инвестиция 2 млн. 320 миң сом. Айыл өкмөттүн жана жамаатардын эсебинен 7 млн 680 миң сом.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-жарым жылындагы бюджеттин кирешеси 9 млн 474 миң 900сом, чыгаша бөлүгү 6 млн 479 миң 800 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:
-айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | И. Ташматов |